Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Ташпаева Назгүл Аскеровна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.
Эске сала кетсек, Назгүл Ташпаева экс-президент Курманбек Бакиев учурунда КР Социалдык өнүктүрүү министри болуп иштеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ