Menu

Адвокат Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги абакта кармалып турганын билдирди

Бөлүшүү:

Өзбекстандын маркум президентинин улуу кызы Гүлнара Каримова Ташкенттин четиндеги Зангиата аялдар абагында кармалууда. Бул тууралуу анын адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) билдирди.

«Жаңы эле Зангиатадагы №21 аялдар абагына келдим. Мында кардарым менен жакшы шарттарда жолугушуу мүмкүндүгүнө ээ болууга аракет кылам», — деп жазган ал 1-апрелде Твиттердеги баракчасына.

2-апрелде адвокат Твиттерге #Каримова деген хэштег менен аталган абактын сүрөтүн жайгаштырып, «№21 Зангиата аялдар абагы. Экинчи күн», — деген жазуу калтырган.

Бирок бул билдирүүсүндө Грегуар Манжа Гүлнара Каримова менен жолуккан-жолукпагандыгы жөнүндө эч нерсе деп жазган эмес.

2017-жылы декабрда 10 жылга соттолгон 46 жаштагы Гүлнара Каримова былтыр июлда үй камагына чыгарылган. Ал кызы Имандын үйүндө жашап, сыртка чыкпоо, байланыш каражаттарын жана интернет колдонбоо сыяктуу бир катар шарттарды аткарыш керек болчу. Мындан тышкары сот тарабынан мамлекетке келтирген чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Бирок быйыл марттын башында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримова үй камагынан жалпы режимдеги абакка которулганын билдирген. Бирок анда башкы көзөмөл органы анын кайсыл түрмөдө кармалып турганын кабарлаган эмес. Мекеменин билдирүүсүндө «үй камагында Каримова сот тарабынан белгиленген эрежелерди бузгандыгына байланыштуу» жалпы режимдеги абакка которулганы жазылган.

Мурдараак – Telia, Vimpelcom жана МТС уюлдук компаниялары Өзбекстандын телекоммуникациялык базарына кирүү үчүн Гүлнара Каримовага миллиондогон пара беришкенин мойундарына алышкан.

Бул билдирүүлөрдөн кийин бир ай мурда АКШ бийлиги Гүлнара Каримовага расмий айып тагып, аны 865 миллион доллар өлчөмүндө «пара алууга» жана «опузалоого» айыптаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: