Menu

Октябрь десе эле орусча сүйлөп калыш керекпи?

Бөлүшүү:

Албетте, башка элдин тилин билүү артыкчылык. Бирок, өз тилиңди билбеш бул ары дегенде кеңкелестик, бери дегенде дөдөйлүк. Эсеби маселен, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын мурунку жетекчиси Октябрь Абдыкаимов деген орус мүнөз жигит бар эле. Ырасында, шаарда төрөлүп, шаарда өскөн. Бул жигит чылк эле орусча сүйлөп, кыргызчаны түшүнө берчү эмес. Ушул деле биздин салык жагыбызды тескеп, жетекчилик кылды. Болбосо нак ушул салыкты биздин карапайым элет жери төлөп, мамлекеттик бюджетке салым кошот. Ал эми элет жеринин 100 пайызы эне тилин ардактаган эл. Октябрь мырза болсо ошолордун акчасын чогултуп алып, орусча санак жүргүзүп олтурчу. Уят эй!

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: