Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Тажикстандын агентиби, чыккынчыбы, же ким? Бул боюнча иликтөөгө да алышты. Анын жыйынтыгы кандай чыканына кызыкпайбыз. Эмне үчүн? Себеби, текшерүү иштери бүткөнчө Разаков убактылуу кызматынан чегинген жок го? Өзү кызматына тырышып атса, четтетип салыш керек болчу да, объективдүү изилдөө болуш үчүн. Натыйжада, иш жүзүндө Разаков күч органдарын вице-премьер катары көзөмөлдөп отурса, анан кайдан ага каршы көрсөтмөлөр, адилеттүү иликтөө болмок эле? Ошондуктан, ал кызматын талшырып кетпегенден кийин, анын агент же чыккынчы экени «жабылуу аяк» бойдон калдыбы? Биз олуттуу суроо берип атабыз. Дагы да шектүү, бүдөмүк ойлорду жаратууда… Баса, дүйнө жүзүндөгү бир да өлкө өз шпионун ачыктабайт эмеспи. А тажиктер эмне көк мээ беле?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ