Menu

Түркияда эки актер өкмөткө акарат айтууга айыпталууда

Бөлүшүү:

Түркия прокуратурасы президент Режеп Тайип Эрдогандын өкмөтүн мазактады делген эки актерго байланыштуу ишти тергөөдө.

23-декабрда Стамбул прокуратурасы актерлор Метин Акпинар менен Мүджат Гезен теле-шоудогу комментарийлерине байланыштуу суракка чакырылганын билдирген. Акпинар менен Гезен 21-декабрда оппозиция колдогон Halk TV каналына конокко чакырылган. Шоу учурунда Акпинар Түркия демократиялык өкмөттү шайлашы керектигин, болбосо өлкө анын лидерлери кишилерди асып, ууландырып өлтүрүп жатканына күбө боло берерин билдирген.

Эрдоган актерлордун атын атабай, аларды кескин сындаган. «Алар фейк актерлор. Бул үчүн жооп беришет», – деген президент.

Түркия бийлиги 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин оппонеттерин куугунтукка алууну күчөткөн; өлкөдө 77 миндей киши камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: