Menu

Эми мөңгүлөрдүн алдындагы алтындар казылат

Бөлүшүү:

Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети тарабынан 31-октябрда үчүнчү окууда кабыл алды. Өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоордо алтын казуучу компанияларга айрым учурларда мөңгү аймактарында иш жүргүзүүгө уруксат берүү сунушу камтылган. Аталган комитетте депутаттарга вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев баяндама жасап, Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип, түгөнүп калгандыктан, аларда кен казууга уруксат берүүнү сунуштады. Эгер документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, жактырылып, ишке кирсе Кумтөр кенин иштеткен канадалык “Центерра Голд” компаниясы Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алат. Ал эми Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү чын эле эрип калганбы же жокпу аны депутаттар жеринде териштиришкен жок. Буга чейин жогоруда аталган мөңгүлөрдүн алдындагы алтынга “Центерра Голд” компаниясы кызыгып жүргөнүн билебиз. Демек, бир мандем бар бул жерде.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 91 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: