Menu

“Достукта” чек арачылар акча иштеп башташтыбы?

Бөлүшүү:

Өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси жакшырып, чек аралар ачылганда кыргыздар да, өзбектер да калпагы менен допусун көккө ыргытып сүйүнүшкөн эле. Себеби кошуна мамлекеттердин эң оболу экономикалык карым-катнашы жакшырып, соода сатык денедеги кандай айланып туруш керек. Натыйжада эки тарап тең утушка ээ болуп, жүзүбүз кубанычка, чөнтөгүбүз акчага толо баштаган. 2017-жылдын сентябрь айынан тартып кыргыз-өзбек “Достук” чек ара бекетинде эки тарапка өтүүнүн жол-жобосу да жеңилдеп, мурдагыдай теле­грамма менен чакыруу сыяктуу бюрократиялык тоскоолдуктар алынган. Бирок өткөн жумада Ош облусундагы кыргыз-өзбек “Достук” өткөрмө бекетинде жөө адамдардын тыгыны пайда болуп, ушул күнгө чейин азая элек. Бир эле кыргыз тарапта болжол менен 500 адам Өзбекстанга өтө албай, кезек күтүп туруп калууда. Бул жагдай тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы: “эки өлкө ортосунда соода жүгүртүү көбөйгөнүнө байланыштуу чек арага жөө адамдардын тыгыны пайда болууда”- деген маалымат таратууда. Андыктан тыгын эки тарапта тең катталгандыктан, аны жоюу үчүн кыргыз тарап чек ара көзөмөл пункттарын көбөйтүп жатканын да кошумчалады. Көрсө, чек арадан күнүнө жети миңден ашуун адам өтүп жатыптыр. Тилекке каршы айрым жарандар социалдык тармактар аркылуу кыргызстандык чек арачылар жарандардан болор-болбос шылтоо таап, акча өөнөп жаткандыгын да билдиришүүдө. Балким, чек ара кызматы бул жагдайга да жооп берер.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: