2017-жылдын 30-октябрь күнү Бишкек ШИИББде аскердик ант берүү иш-чарасы өттү. Бардык жарандык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнөн түзүлгөн 65 кызматкер милиция кызматына кабыл алынды. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Ант берүү иш-чарасына Бишкек ШИИББнин жетекчилиги, андан сырткары, Ардагерлер кеңешинин төрайымы, милициянын полковниги З. Кожобекова катышты.
Өз кезегинде Бишкек ШИИББнин башчысы Рахманов С.К. кабыл алынган кызматкерлерге коомдук тартипти жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо үчүн өз милдеттерин так жана намыскөйлүк менен аткарышын калаап кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ