Menu

Шарабидин Токтосунов, адвокат: «Садыр Жапаров боюнча Мелис Турганбаев туура эмес маалымат берген»

Бөлүшүү:

Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов экс-депутаттын эмнеге абактан чыкпай жатканынын себебин жана анда кандай мыйзамдар бузулганын “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу коомчулукка түшүндүрүп, төмөндөгүй пост калтырды.

«Мага бир топ журналисттер телефон чалып, “ЖАМКнын төрагасы М. Турганбаев  Садыр Жапаровго мыйзам боюнча жатак абакка чыгаруу колдонулбайт!”,- деди. Анткени ал уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон КРнын ЖКнин 89-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык мындай кылмыш жасагандарга мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулбайт”,- деп жатат. Сиз бул жөнүндө эмне дейсиз?,- деп суроо узатып жатышат. Мен, албетте, туура эмес маалымат берген деп айтамын. Анткени, Садыр Жапаров уюшкан топтун же кылмыштуу уюмдун курамында кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жок. Мындай кылмыштарды жасагандар КРнын ЖКнин 46-беренесине шилтеме жасап соттолушат. Садыр Жапаровго бул берене коюлган жок. 2019-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-январындагы № 17 КРнын Жазык аткаруу кодекси иштей баштады. Жаңы мыйзамдын ишке киришкендигине байланыштуу Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, жаза мөөнөтү 11 жыл, 6 айдан 10 жылга төмөндөдү. Мурда Садыр Жапаров КЖКнын 30-ст.4-бөлүмү аркылуу 227-ст.2-б.1,3-п. менен соттолгон, ошондой эле мурда өзгөчө оор кылмышка соттолгон деп өнөкөт кылмыш катары КРнын КЖКнын 16-статьясы да колдонулган, ошондо өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирсе, азыркы учурда 16-статьясы толугу менен алынып салынып, ЖКнын 43-беренесинин 2-пункту аркылуу 244-берененин 2-бөлүмүнүн 1,2-пункту менен 10 жылга соттолуп, оор кылмыштардын катарына кирип калды. 1999-жылдын 13-декабрындагы № 142 КРнын Жаза аткаруу кодексинин 50–беренесинин 2-бөлүмүнүн талабына ылайык оор кылмыш менен соттолгондор жазасынын 3/1 бөлүгүн өтөсө өзүнүн жүрүм-турумун жакшы алып жүргөн болсо жатак абакка которулат деп көрсөтүлгөн. Ушул мыйзамдарды колдонууга киргизүү тууралуу мыйзамдын 9-беренесинин 6-пунктунда Жазык аткаруу кодексинин 80-беренесинин колдонулуусу Жазык аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга жайылтылбайт деп көрсөтүлгөн. 9-берененин 7-пунктунда Жазык аткаруу кодексинин 50-статьясынын 6-бөлүгүн кошпогондо, Жазык аткаруу кодекси күчүнө киргенге чейин соттолгон адамдарга карата 1999-жылдын 13-декабрындагы КРнын Жазык аткаруу кодексинин жоболору колдонулат. Көрсөтүлгөн адамдарга карата түзөтүү мекемесинин түрүн өзгөртүү жазык аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечими менен жүргүзүлөт деп көрсөтүлгөн. Демек, Садыр Жапаров 10-жылдын 3/1 бөлүгүн өтөгөндөн кийин б.а. , 3 жыл, 4 ай отурса жатак абагына, ал эми жазасынын жарымын өтөгөн болсо мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга жатат. Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартынан баштап камакта.

2017-жылдын 25-мартынан 2017-жылдын 15-октябрына чейинки отурганы бир күнү эки күндөн эсептелет. Калганы бир күнү бир күнгө эсептелинет. Ошондо 2020-жылдын 5-февраль күнү 3-жыл 4 ай болот. 2014-жылдын 27-январындагы мунапыс да колдонуш керек эле, анда жазасынын 3/1 бөлүгү кыскармак, б.а. 3 жыл 4 айы кыскармак. Мындай учурда мунапыс 2019-жылдын 30-апрель күнү Садыр Жапаровдун ишин кайра карагандан кийин колдонуш керек эле. Аламүдүн райондук соту карап, аны мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуш керек болчу. Эгер мыйзам чегинде болсо, ошондо 2019-жылдын 1-июнуна чейин Садыр Жапаров бошотулуш керек эле. Эгер мыйзам иштегенде, эч соттолбош керек эле, анын күнөөсүн тергөө да, сот да далилдей алган жок. Ал толук акталыш керек эле. Мына ушинтип Садыр Жапаров айыпсыз абакта жатат. Абакта жаткан учурда атасынан, апасынан, баласынан ажырады. Ыйманы бар адамдар эч качан мындай кара өзгөйлүккө барбайт. Бул кудайга да, пендесине да жакпайт деп ойлойм“,-деп жазган Ш.Токтосунов.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов президентке ырайым сурап кайрылганын, ал боюнча жооп боло электигин айтып келет. Адвокаттын айтымында, кайрылуу былтыр, 16-октябрда жолдонгон. Анда Жапаровдун эч бир күнөөсү жоктугу, ата-энесин, баласын жоготкону боюнча айтылып, аны эртерээк бошотууну суранганы жазылган.

25-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйын өткөргөн. Анда С.Жапаровду бошотуу боюнча суроо болгондо, президент бул маселени сот гана чечээрин билдирген.

Ал эми ЖАМК Садыр Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктарын быйыл, 7-январда билдирген.

Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн андагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айып менен 2018-жылы 11 жыл, алты айга кесилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: