Menu

“Жашасын биздин сот, дүйнөдөгү эң гумандуу жана адилет сот!”

Бөлүшүү:

Биздин соттор чындап эле жогорку бийликтин буйругу менен акчага карап чечим чыгарабы, кыскасы бир кезде коомчулукту дүрбөлөңгө салган кылмыштарды жасоого шектүү кримтөбөлдөрдү да бүтүндөй коомчулукту каратып туруп актап жиберүүдө.  17-октябрда Жогорку Сот кримтөбөл атыккан Кадыр Досоновду актаган Ош облустук жана Кара-Суу райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Алгачкы өкүмдү эки ай мурда Кара-Суу райондук соту чыгарып, Досоновду актаган болчу. 3-августта Ош облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. “Женго” деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Досонов ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелип жаткан. 2013-жылдын 11-январында “ДЭУ-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде отурган Шоноевди үйүнүн жанынан атып кетишкен. Бул окуя боюнча кылмышка катыштыгы барлар жазасын алышкан. Кадырбек Досонов качып жүргөндүгүнө байланыштуу, жазык иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. К.Досоновдун актоочусу Н.Сүйүнбаеванын айтымында, соттун жүрүшүндө Досоновдун бул ишке тиешеси бар экендигине бир да далил табылган эмес. Эмне дейбиз, “Жашасын биздин сот, дүйнөдөгү эң гумандуу жана адилет сот!”.

Булак: “Майдан.kg”

 

 

Булак: «Майдан. kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: