Menu

Банданын башында Дамирбек болгонбу?

Бөлүшүү:

Айрым азуусун айга жанган серепчилер, ошол сыяктуумун дегендер парламентте отургандардын калың катмары бандиттерге, жегич-ичкичтерге түспөлдөш деген кебин айландырып калышат. Ага ишенбейин десең оркойгон фактылар чыгып жатса, шылуундар качып кетсе, бандиттер колго түшсө кантип көзүңдү тостойтуп туруп аный демексиң? Көрсө биз чын эле балакетке аралашып алгандардын барымтасында калыптырбыз, кокуй-наалат!

Сөзүбүз кур болбосун үчүн мисалдата кетели. Дамирбек Асылбек уулу парламентте депутат болуп отурду беле? Отурган. Анан эле казактардын торуна түшүп калып өлкөнү уятка калтырдыбы? Калтырды. Анан калса ал казак мамлекетинин жараны экенин колго түшпөсө билбей кала бермекпиз. Ошондуктан аны казактын мыйзамы менен соттой турган болушту. Өткөндө жакын санаалаш эл өкүлдөрү анын сотуна барып шаабайлары сууп келишти. Анткени сотко катышкан прокуратура кызматкери Дамирбекти эл аралык бандиттердин башчысы деп сыпаттап кетиптир. Ошону кулагы чалган “күйөрмандары” чала-була мүдүрүлүп кетип кыйладан кийин эс алышыптыр. Мына көрдүңбү, окурман биздин тагдырыбызды ким чечип жүргөнүн? Демек, чукулай беришсе из кубарлар дагы нечендеген кызыктарга ээ болушмак. Атаганат, бирок андайларды кармабай эле тизесине бүгүлүп жүрүшпөйбү, чунактар. Оозу булганган соң кайда барып, кайсыл теректи сүзмөк эле…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: