Menu

Катардын Кыргызстандагы элчиси ИИМге  компьютердик жабдыктарды тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында  49 компьютерди тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын жана башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сүйүн Өмүрзаков, Катар Мамлекетинин көрсөтүп жаткан колдоосу коомдук тартипти камсыздоодо жана  кылмыштуулук менен күрөшүүдө зор салымын кошо тургандыгын баса белгиледи.

Андан соң, Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти    укук коргоо органдарынын бардык багыттары боюнча кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтиге Кыргыз Республикасынын ИИМ менен иштиктүү кызматташуусу жана көрсөткөн колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын айтты.

“Мен Катар Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайтинин жеке өзүнө  көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгымды билдирем.  Андан сырткары, биздин ийгиликтүү кызматташтыгыбыз мындан дагы жогору деңгээлге жетет деген ойдомун”,-деп Сүйүн Өмүрзаков белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: