Menu

Чымкентте бейтаптарды мектепке жайгаштырууга каршы болгон тургундар жол тосушту

Бөлүшүү:

28-июнда Казакстандын Чымкент шаарындагы Самал-3 кичи районунун ондогон тургуну мектептин жаңы имаратына бейтаптардын жайгаштырылышына каршы чыгышты.

Алардын айтымында, турак-үйлөргө жакын жайгашкан мектептин имаратына коронавирус жана пневмония менен ооруган бейтаптар жаткырылышы мүмкүн.

— Мектепти оорукана кылууга ким уруксат берди? Ким болсо да эл алдында кечирим сурасын. Жугуштуу илдет менен ооругандарды калк жыш жайгашкан жерге алып келүүгө каршыбыз», — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Мектеп жайгашкан көчөгө блокпосттор коюлуп, имаратка 20га жакын тез жардам унаасы менен алып келинген бейтаптар жайгаштырылганы кабарланды. Буга нааразы болгон тургундар жол тосуп, андан кийин келген бир тез жардам унаасын өткөрбөй коюшту. Алар кичи районго келген акимдин орун басары жол тосуу мыйзамсыз экенин айтып, чогулгандарды тарап кетүүгө чакыргандан кийин көп өтпөй үйлөрүнө кетишти.

— Блокпосттор бул жер санитардык аймак болгондуктан коюлду. Мектепте 500 орун даярдалган, бардык санитардык эрежелер сакталууда. Мында дене табы жогору, алсыз бейтаптарга жардам көрсөтүлөт», — деди аким.

Расмий маалыматтар боюнча Чымкент шаарында 2 856 киши коронавирус жуктурганы аныкталып, 14 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: