Menu

Тажикстан ТЭЦ куруп берген Кытайга алтын кенин берип кутулду. Бизчи?

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Тажикстан Кытайдан алынган насыяларынын эсебинен башкы шаарларындагы жылуулук борборлорун модернизациялаганы буга чейин көп зле жазылды Бирок ал боюнча карыздан кутулуу маселеси тажиктердин кабыргасын кайыштырып койду. Тажикстандын бийлиги “Душанбе-2” ТЭЦин куруп берген Кытайга Жогорку Кумарг алтын кенин айласыздан бериптир. Маалымат катары айта кетсек, Согди облусундагы кенди 100 мегаваттык кубаттуулуктагы жылуулук электр борборун куруп берген ТВЕА компаниясы иштетмекчи. ТЭЦке жалпысынан 350 миллион доллар сарпталып, анын 330 миллионун Кытай карызга берген. Эми ал карыздан кутулуу үчүн Тажикстандын өкмөтунүн алдындагы Геология башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча компания ТЭЦ салынган акчаны актап алгыча алтын казып ала турган болду. Кытай ал алтындан 330 миллион долларды чыгарып алган соң гана эки тараптуу келишим түзүлөт экен. Тажикстандагы мындай көрүнүш бизде да бар. Биздин тышкы карызыбыздын жалпы көлөмү 4,5 миллиарддан ашты. Анын жарымы дал ушул Кытайдан алынган жана бир табу буга чейин максатсыз пайдаланып, сол чөнтөктөргө солонуп кеткен.

Булак: “Багыт

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: