Талас шаарында эки жашы жете элек балдар зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге Талас ОИИББсы тастыктады.
Облустук милициянын маалыматы боюнча, 18-ноябрда Талас шаарынын 1981-жылы туулган тургуну арыз менен милицияга кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, 17-ноябрда саат 22:00 чамасында 2003- жана 2004-жылы туулган балдар физикалык күч колдонуп, 2008-жылы туулган кызын зордукташкан.
Материалдар Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш-жаза 161-б. (“Зордуктоо”) боюнча КЖБРге катталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Азырынча шектүүлөр кармала элек.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ