Menu

“Орусия жылын” жарыялап, жылуулук күтөбүзбү?..

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга келери күтүлүп жатканын айтты. Тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелерин талкуулашты. Абылгазиев кыргыз тарап 2020-жылды Орусияда «Кыргызстан жылы», Кыргызстанда «Орусия жылы» деп жарыялоо жөнүндө мамлекет башчыларынын макулдашууларынын алкагында атайын уюштуруу комитети түзүлгөнүн маалымдады. Бул аша чапкан кошоматчылык, кулдук сезимдердин бириби, же «Россия, Россия бир боор энем» дегендей, биздин өлкөгө жарыгы тийеби?..

Феликс Кулов, коомдук ишмер:

– Менин оюмча жаман деле болбойт. Миллионго жакын мекендештерибиз Орусиянын ар кайсы шаарларында жашап жатышат. Ошондуктан, биринчиден эле ошол мекендештерибизге жакшы бир жылуулук да. Орусияда дагы «Кыргыз жылы» жарыяланат. Ошондуктан биздин ынтымагыбыздын ширелишине эле жакшы кадамдар болмокчу. Бул бир эле саясат эмес, экономикабызда да жылыштар болуп, ЕАЭБ менен иштөө иштери жакшырат (!) деген пикирдемин. Социалдык тармактарыбыз боюнча да импульс болот.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: