Menu

Мурдагы каржы министри Ольга Лаврова сотто сүйлөөдөн баш тартты. Эмнеге?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-ноябрда, Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланды. Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын жетекчилигинин алдында өтүүдө. Бүгүн сот тараптардын жарыш сөзүн укту.

Буга чейин экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврованын адвокаты Дастан уулу Улан жарыш сөздө сүйлөп, өз пикирлерин айткан. Лавровага сөз кезеги келгенде, ал сүйлөөдөн баш тартып, адвокатынын айткандары менен макулдугун билдирди. Анын адвокатынын айтымында, Ольга Лаврова профилдик мекеменин башчысы болуп турганда, «Эксимбанк» менен насыялык келишимге кол койгондо, ал өз милдетин аткаргандыгын айтып, ал кылмыштын курамында жоктугун баса белгилеп, аны актоону судьядан суранган. Ал эми прокурор Лаврованы 7 жарым жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эске сала кетсек, 2018-жылдагы кышкы чилдеде, ЖЭБде авария болуп, Бишкектин тургундары бир жума бою жылуулуксуз калган. Үшүп калган эл андагы аткаминерлерди катуу сынга алып, алардын жоопко тартылышын талап кылган. Ошондон улам, териштирүү болуп, оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени ачыкталып, эксперттердин тыянагы боюнча, «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана аны ишке ашырууда мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилгени аныкталып, бир топ адамга кылмыш иши козголгон.

Бир гана мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагына чыгып, калганы камакта калган. Алар: экс-премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булардын баарына«Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен айып тагылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: