Адахан досум, сен чынында эр болчусуң. Эр бойдон калыпсың. Өмүрбек Текебаев тууралу айтканың көп адамды ойлонтту. Кичүүлүк кылсаң да, улук башыңды кичик кылсаң да эрдик кылдың, Кечээ эле “оппозиция деген ырылдашкан иттер бар” деп айтып чыктык эле, бүгүн анын ичинде чыныгы эрлер да бар экенин моюнга алууга аргасыз болуп олтурабыз. Киши кадырын билбеген адам эр эместиги мындай турсун, киши деле эмес. Чыныгы эрлер гана бири биринин кадырын билет. Бирок кадыр билүү аздык кылат. Ал кадырга жете билүү керек. Манас менен Алмамбет бири биринин кадырына жеткен сыяктуу. Ошондо гана биз Көзкамандардан кутулубыз, болбосо алардын жеми болобуз.
Бейшенбек Бекешов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ