Депутаттын айтымында, орус тарап расмий жолугушуудан тышкары Атамбаев менен жолукканга сунуш кылганын жашырбады. 7-8-август Кой-Таш окуясы алдында орус башчысы Атамбаевди Кыргызстанга кайтпоону сунуш кылган экен. Оозуна ээ боло албаган депутат Ирина Карамушкинанын айтуусунда сөз мындай болуптур:
“Алмазбек Шаршеновичтин айтымында, эски досун В.Путин жылуу кабыл алган. Алар олтуруп алып чай ичишкен. Сөз учурунда Кыргызстандагы абал талкууланып, саясый кырдаалга орус башчысы өз оюн айткан экен. Ал жаңы президент келгенин баса белгилеп, бардыгы мыйзам үстүндө болушун айткан. Путин Атамбаев менен мамилеси жакшы болгонун жашырбай, бирок саясат үчүн өлкө президенти менен гана сүйлөшөрүн жашырган эмес.”
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ