Menu

Темирлан Султанбеков, КСДПнын РФдагы расмий өкүлү: Мигранттардын көйгөйлөрүнө КСДП кам көрүүдө

Бөлүшүү:

-Темирлан мырза, жаштарды колдоого, өнүктүруүгө багытталган кандай иштерди сөз кылсак болот?

– Учурда жаштарды ар тарабынан өнүктүрүү үчүн өзүнчө канат кылуу боюнча жаңы концепциябызбар. Буюрса, 2019-жылдын аягына чейин ишке ашышы керек. Негизинен жаштарды партияга кантип алып келүү, аларды өстүрүү, аларга саясый билим берүү. Ар кыл чөйрөдө: экономика, политология, мамлекеттик ишмердүүлүк, юриспруденция, укук ж.б. маселелердин баарын окутуу боюнча концепция. Мына ушуну ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Бул концепция КСДП лидери Алмазбек Атамбаевдин колдоосун көрдү.

Ал концепцияда эң биринчи кадамды айтсам, биринчи атайын партиялык мектептер ачылат. Ал мектептерде биздин жаштарга саясый билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Социал-демократиянын негиздерин тереңдетип түшүндүрүп берүү максаты болот. Социал-демократия деген саясатта кандай түшүнүктү берет? Дүйнө жүзүндөгү эң кыйын социал-демократтар кимдер, алар кандай жолдорду басып өтүшкөнү тууралуу сабактар берилет. Мисалы, Вилли Бранд – анын саясаты дүйнө жүзүндөгү социал-демократтардын концепциялары тууралуу кеңири тааныштырылат. О.э. биз бүгүнкү көз караштарды, идеологияны дагы камтыйбыз. Бул келечекке карай даярдоо баскычтарыбыздын бири болуп саналат.

– КСДПнын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү катары мигранттарга кандай жеңилдиктерди көрүп атасыздар?

– Биздин партия лидеринин ЕАЭБге кирүүдөгү биринчи максаты – мигрант жаштарды колдоого алуу болчу. Ошол чечим үчүн биздин мигранттар патент жок иштеп, миңдеген адамдар «кара тизмеден» чыгарылышты. Мындан тышкары да Кыргызстандын айдоочу күбөлүктөрү Россия Федерациясында да жарактуу болуп, ЕАЭБдин алкагында бир топ жылыштар болду. Эми аны өткөн иштер катары кабыл алсак болот. Келечекте дагы мигранттарга жеңилдик алып келүүгө, алардын укуктарынын корголушуна салым кошо турган алгылыктуу демилгелерди, долбоорлорду даярдоого чоң максаттар бар. Кыскасы, КСДП мигранттардын көйгөйлөрүнө ортоктош, алар менен максаты бир.

Ушул жылдын февраль айында биздин партия менен Россиянын «Единая Россия» партиясы келишим түзүшкөн. Ал келишимдин алкагында да мигранттар үчүн, жалпы дүйнө жүзүндөгү мигранттар үчүн жакшы иштер жүргүзүлөт. Буюрса, келечекте биздин партиянын мигранттардын ишине салымы зор болот.

– Партия лидери бийликтен кеткенден бери КСДПга элдин пикири?..

– Алмазбек Шаршеновичти колдогон адамдар көп. Анын кабыл алуусуна кезек күткөн адамдар арбын. Алар ар кандай маселелер менен кайрьшышат. Колдоо абдан жакшы. Бийликтен кеткен соң да Алмазбек Шаршеновичтин абийири таза, жүзү жарык.

Нургүл Жусупбекова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 13 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: