Menu

Капчыгыңды карачы, канча пул бар саначы?..

Бөлүшүү:

«Кыргызстан жарды өлкө болгону менен эли бай» деген сөз бар. Аныгында эли эмес, «эл багам» деген эл багар-аткаминерлери бай экени ырас. Карап көрөлү, бизде кайсыл депутат, же кайсы чиновник кедей? Кимиси жумушка коомдук транспорт менен барат? Бул түшкө кирбеген көрүнүш. Анткени биздин чиновниктер, депутаттар акча түшүп турчу булактардын бардыгын басып алышкан. Анан кантип байышпасын? Эмесе эл ичинде күбүр-шыбыр болуп жүргөн кептердин чындыкка дал келер өңүтүн иликтеп көрдүк. Балким төмөндө аты аталган байларыбыз чычалап чыгышса , же андай эмес, мындай дей турган болушса, биз экинчи жактын да өз чындыгын чагылдырууга макулбуз.

АКЧА ЖЫТЫН ЖАШЫНАН ЖАТ БИЛГЕН МАМАШЕВА

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын эң жаш депутаты Айсулуу Мамашева адеп эле автоучкомбинаттын директору болуп, акча табуунун даамын жаш тайынан таткан. Андан соң «Фирма Дасмия» ЖЧКсынын президенти болгон. Мындан тышкары, Бишкекте ар кандай аталыштагы кафе-ресторандарды иштетип, ишкерлик менен алектенээри айтылып келет. Арийне Айсулуу айымдын акча булагын оргуштата агызуусуна атасы Турусбек Мамашев түздөн-түз таасир эткен. Анткени Турусбек мырза айтылуу «Дасмия» деген ресторан ачып, Кыргызстандагы алгачкы кафе-ресторандын ээси болгон.

КУРУЛУШТАН КУБАТ АЛГАН ТУРУСКУЛОВ

Заман жаңы курулуп атат. Жашоо жаңы курулуп атат. Анын агымында үйлөр, имараттар тынымсыз түркүн түскө боёло, архитектуралык чыгармачылык менен өзгөрүүдө. Мунун баарына курулуш материалдары сөз жок зарыл. Ушуну эң жакшы тушүнгөн бир эрен бар. Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалоек Турускулов деген. Бул мырза курулуш материалдарынын не бир түрүн элге сунуштайт. «Стройарсенал» деген курулуш материалдарын саткан жердин баары Турускуловго таандык.Ошентсе даүй-бүлөдө акчаныЖыргалбек мырза өзү эле таппайт. Жубайы Мира Шүкүралиева сулуулук каражаттарын сатып, аны менен катары үлпөт көйнөктөрүн ижарага берүүчү салон иштетет. Кыскасы, күн өткөн сайын капиталы капчыгын кампайтып аткан Турускулов жок деген эмне болоорун жомоктон эле окуп калган кези.

«КЫЗЫЛ ЖИНДИ” КЫЛЫГЫН АРТТЫРГАН АСЫЛБАЕВА

Жогорку Кеңештеги «Өнугүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Асылбаева Гүлшат аттуу айым «Кыргыз коньягы» ишканасы аркылуу киреше табат. Таба берсин, тардык жок. Бирок логикалык жактан алганда, Гүлшатканын жинди суулары бүгүнкү күндө астына эч кимди салбай, Ала-Тоону сугарып атат. Күн санап түрлүү шишеге куюлуп аткан «Кызыл жиндилер» кыргызбайлардын аш-той, үлпөт-кече, майрам-шаңын көркүнө чыгарып, аягында көтөрүп уруп көк мээ кылып атат. Ансайын шарапчы Асылбаеванын бизнеси жүрүшүп, ити чөп жеп, ташы өйдө кулоодо. Бир жагынан алганда, бул айым эч кимдин эмгегин жебей, нак өз эмгеги менен байлык топтоп акчага туйтунууда. Экинчи жагынан бөтөлкө кучактаган кыргызбай балчыкта жатат оонап… Гүлшат айым болсо капчыгын калыңдатуу менен убара.

КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КҮРКҮЛҮ АБДИМУКТАР МАМАТОВ

Элге зарыл нерсенин эбин таап пайдаланса болоору анык. Маселен, Абдимуктар Маматов аттуу депутатыбыз кадимки күйүүчү май сатып күркүлгө айланган. Учурда бир топ май куюучу станциялары, азыркы тил менен айтканда, «заправкалары» бар. Бул деген саат эмес, секунд санап акча түшүп турат дегендик. Дегеним, кыргыздар өзү үчүн эмес, мактаныч үчүн жашаары анык. Ошол себептүү майды күркүрөткөн машинелерди минип алышат. Европанын шаарларында килтейген машинелерди чанда көрөсүң. Анткени күйүүчү май кымбат. Эсеби маселен, Италияда бир литр бензин биздин сом менен 110 сом турат. Ошондуктан аларда «малолитражка» дегендерди минип алып эле иш бүтүрүшөт. Бизде болсо Абдимуктар мырзанын чөнтөгү үчүн иштегенибизге сыймыктанабыз.

ҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН КҮРКҮЛҮ АБДИМУКТАР МАМАТОВ

Эдге зарыл нерсенин эбин таап пайдаланса болоору анык. Маселен, Абдимуктар Маматов аттуу депутаты-быз кадимки күйуүчү май сатып күркүлгө айланган. Учурда бир топ май куюучу станциялары, азыркы тил менен айтканда, «заправкалары» бар. Бул деген саат эмес, секунд санап акчатүшүп турат дегендик. Дегеним, кыргыздар өзүүчүн эмес, мактаныч үчүн жашаары анык. Ошол себептүү майды күркүрөткөн машинелерди ми-нип алышат. Европанын шаарларында килтейген машинелерди чанда көрөсүң. Анткени күйүүчү май кымбат. Эсеби маселен, Италияда бир литр бензин биздин сом менен 110 сом турат. Ошондуктан аларда «малолитражка» дегендерди минип алый эле иш бүтүрүшөт. Биздс болсо Абдимуктар мырзанын чөнтөгү үчүн иштегени-бизге сыймыктанабыз.
31-март, 2017-жыл

ТҮРКТӨР МЕНЕН БИЗНЕСИН ТҮПТӨГӨН ТӨРАГА

Чыныбай Турсунбеков дегенде «АКУН» деген сөз эске келет. Же тескерисинче «АКУН» десе, Турсунбеков элестейт. Анткени ЖоКенин төрагасы так ушул «АКУН» менен бизнесин баштаган. Атургай Ысык-Көлдө так ушундай аталыштагы пансионаты дагы бар. Айтмакчы, Турсунбеков Улуттук университетте катардагы мугалим болуп, акындык шыгын күсөтө ыр жазып жүргөндө Түркияга барып иштөө шарты жаралып калат. Чыке ошол мүмкүнчүлүктөн «жирно» пайдаланган. Түркиядан ишкер адамдар менен табышып, алардан ун чыгара турган аппарат алып келип, «АкУнду» негиздейт. Бирок бизнес чөйрөдө Турсунбеков абдан ийгиликтүү болуп чыгып, өнөктөштөрүнөн бөлүнө при бизнеске кадам таштаган. Айлыктан айлыкка араң жетип жүргөн күндөрүн азыр Чыныбай мырза таптакыр унуткан. Анткени акча азыр Турсунбековду тушап турган маалы.

АКЧАГА ТУЙТУНГАН «АПТЕКАРЬ»

Осмонбек Артыкбаев деген үлкөнүбүз эми укмуш, эй! Азыркы күндө «аптекарь» деген атка конгон убагы. Осмон мырза кезинде эчен жолу депутат, энергетика министри, «Кыргыз алтын» дегендин башчысы да болду. Кыскасы, тагдырдын эрке баласы. Алгач ишин аптекадан баштап, аны атактуу «НЕМАН» аттуу дары-дармек сатуучу компанияга айланткан. Баса, «НЕМАН» деген Беларусиядагы дарыянын аты. Андыктан аталган ишкана адегенде кыргыз-белорус биргелешкен ишканасы болчу. Азыр кандай экенин ким билсин? Негедир кыргыздар белорустарга жакын окшойт. Качканы деле, ишкана ачканы деле белорустарга жабышып атыппыз. Айтор Осмон мырза “НЕМАНЫ” менен эле токтобой дагы үч ДОСу менен биригип, аттарынын баш тамгаларынан турган «БИОР» деген курулуш компаниясын ачып, ал компаниясы жалаң мектеп, ЖОЖ, министрлик, оорукана өңдүү чоң имараттарды куруу, жасап-түзөө иштери менен алпурушчу. Учурда Осмонбек мырзанын «НЕМАНы» да “БИОРу” да бүгүнкү күндө үзүрлүү эмгек үстүндө. Мындан тышкары, Ош-Бишкек трассасында (Чычкан капчыгайында) Артыкбаевге таандык делген аземдүү кафе дагы бар. Бул эл билген майда- бараттарынын бири.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: