Баткен облусунун прокурорунун өлүмүнө шектүү жаран Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилди. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган чечимди Баткен шаарынын соту чыгарган.
Эске салсак, 18-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун жансыз денеси Баткен районунун Төрт-Күл суу сактагычынын жанынан табылган. Жергиликтүү тургундун “Лексус LX 470” үлгүсүндөгү унаасында кандын издери табылгандыгына байланыштуу милиция кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында, облпрокурор адам колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган.
Кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси М.К. кармалган. Ал жаран, маркум прокурор жана прокуратуранын башка 6 кызматкери менен окуянын алдында аңчылыкта болгон.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ