2-февралдан үчүнө караган түнү түнкү саат 11 жарымдар чамасында ок жеп жарадар болгон милиция кызматкери ооруканага келип түшкөн. Милиция травматикалык тапанчанын огунан жараат алган. Маалым болгондой, эки тартип сакчысы Бишкектеги Чыгыш 5 району тараптан, бир шектүү жаранды кармап, аны тергөө бөлүмүнө алып баратышканда, шектүү жаран тизесине байлап билгизбей алып жүргөн травматикалык тапанчаны алып чыгып милициянын бирин атып, экинчисине ээ бербей, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Азыркы учурда ок жеген милиция ооруканада, ал эми ага ок атып, изин жашырган шектүү жаран изделүүдө.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ