Menu

Тынчтыкбек Конушбаев, ЖКнын депутаты: “Малдарды идентификациялоо үчүн айылдарды алгач интернет менен камсыздоо керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 25-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Талкуу маалында депутат Тынчтыкбек Конушбаев малдарды идентификациялоодо айылдарда интернет жок экендигин белгилеп: “Маселен, Суусамыр өрөөнүндөгү айылдар интернет менен толук камсыздалган эмес. Анан кантип идентификациялоо толук кандуу ишке ашат?” – деген суроо койду.

Өз кезегинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Айдарали Сарыков аталган маселе курч бойдон калып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Тынчтыкбек Конушбаев жыл сайын Суусамырга Таластын жана Чүйдүн малы багылаарын билдирип: “Оору жергиликтүү элдин малынан чыкпайт. Башка жактан баргандардан жугат. Андыктан, өрөөнгө барчу жолдогу өткөрмө жайларга атайын көзөмөлдөө борборлорун ачуу керек. Тыкыр текшерүү жүргүзүү менен гана илдеттердин алдын алууга болот”, – деди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

84 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: