Menu

Мады айылынын тургундары эшек фермасына каршы митингге чыгышты

Бөлүшүү:

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургундары ал аймакта жайгашкан эшек фермасына каршы митингге чыгышты.

Митингге чыккандардын бири айткандай, эшек фермасы үчүнчү жылдан бери иштеп келе жатат, бирок ал жердин эч кандай пайдасы жок.

“Ушундай оор кырдаалда, азык-түлүктүн, анын ичинде эттин баасы кымбаттап жатканда, жетекчилик бизге жергиликтүү коомдук тамактануучу жайларга эшектин эти жеткирилбейт деп кепилдик беришин каалайбыз. Эгер фермага кирүүгө уруксат беришсе, анын ишин текшерүүнү каалайбыз”, – деди ал.

Алар бул чарбанын жетекчилигинен бизнесин жыйыштырып, өз ыктыяры менен кетип, анын ордуна бүтүндөй аймакка пайда алып келүүчү башка чарбаны курууну талап кылышууда.

“Биз буга чейин үчүнчү жылы бардык бийлик органдарына кайрылып жатабыз, бирок чарбада бардык документтер туура болгондуктан, эч кандай реакция болгон жок”, – деп кошумчалады митингчи.

Митингдин дагы бир катышуучусунун айтымында, айылдын аймагына оорулуу эшектерди ыргытып жиберишет, андан кийин бул этти иттер жейт жана алар аркылуу тургундар ооруга чалдыкышы мүмкүн.

Митингчилерге коопсуздук кызматынын өкүлү чыкты. Митингге чыккандар мал союлган таштандылар кайда жөнөтүлөөрүн, ошондой эле оорулуу мал кайда жөнөтүлөрүн көрүүнү каалашканын билдиришти. Бирок кароолчу келишим боюнча иштеп жаткандыгын жана эч кимди киргизе албай тургандыгын, башка маселелер боюнча маалыматы жок экендигин айтты.

Кийинчерээк бир нече тургунга ферманын аймагына кирүүгө уруксат берилген. Аларга эшектин эти экспортко гана колдонулат деп айтышты.

Ферманын бригадири ошондой эле бул компанияда бардыгы расмий болгонун кошумчалады.

“Азыр чек аралардын жабылышына байланыштуу ишмердүүлүк убактылуу токтотулду. Биз дагы мусулманбыз, эшектин этин жебейбиз. Айына бирден ашык жаныбар өлүшү мүмкүн эмес, аны эрежеге ылайык жок кылабыз”, – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: