Menu

Раиса Атамбаева окуган Ломоносов мектеп-гимназиясы кулаганы араң турат…

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы №3 М.В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын негизги имараты имараты өткөнн кылымда, 1928-жылы жертөлөсү (жерпайы) жок эле шашылыш тургузулган. 1960-жылы кошумча курулуш (классстар) менен толукталган. Жалпы жонунан 5 бөлүктөн куралып, П формасында тикеленген.

Үстүбүздөгү жылдын 3-майында Ош шаарында дагы жер абдан катуу термелбедиби. Ошондо ансыз деле эскилиги биротоло жеткен Ош шаарындагы № 3 М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын имаратынын бир каңча жерлери дагы катарынан көчүп, ого бетер жабыркады.

– Мектеп-гимназиянын оң тарабындагы №16-, №15-класттар, китепкананын ичи жана тышы, узун коридорлордун шыптары кыдырата катуу жабыркап, а түгүл имарат кулай турган кейипти анык кийди, – деп ыйлактады Ош шаарындагы № 3 М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын директорунун чарба иштери боюнча орун басары Айчүрөк Сейиткулова. – Эскилиги эбак жеткен имаратты кайрадан кантип калыбына келтиришти билбестен моминтип эсибиз ооп олтурат. Биздин азыркы акыбалыбызга, чындыгында, адам эмес мышык деле ыйлагыдай кейипти кийдик. Көңдүңүздөр го, жерибиз өтө тар экен, жерпайы жоктугунан улам чөгүп эле баратат.

Өзү биздин мектеп-гимназия өткөн кылымда, тактап айтканда 1926-жылы курулуп, 1928-жылы пайдаланууга гана тапшырылган экен. Ошондо ал 285 орунга гана ылайыкташтырылыптыр..

А ушул тапта 1730 окуучу үч нөөмөттө билим алып жатышат, – деп агынан жарылды Ош шаарындагы №3-М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын директору Гүльмира Осекова. – Аймагыбыз абдан чоң эле. Мурунку жетекчилер мектепке таандык жер тилкесинин бир бөлүгүн мобул Ага Хан эл аралык мектебине тартуулап ийишиптир. Тарыхыбызга үңүлсөңүз, биздин билим журтубузда азыркы президентибиз Алмазбек Атамбаевдин жубайы – өлкөбүздүн ханайымы Раиса Атамбаева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева окушуптур. Экөө тең бүгүнкү ал-акылабызды көрүп, ичтери ачышкан бойдон кетишти.

Гүльмира Осекова 2015-жылдан бери айласын эптеп таап 600 чакты окуучуну ар мектепке которушкандыгын жашырган жок. Ушинтип атып 1-класттардагы окуучулардын санын 50-60тан эптеп 30-35ке араң түшүрүшүптүр. Ошентсе деле ушул тапта 1739 окуучу мектеп-гизназияда үч нөөөмөттө айласыздан окуп жатышат.

Ош шаарындагы № 3- М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрагасы Курманбек Норузбаев кооптуу класттарда окуучулар таптакыр окушпай калышкандыгын ырастады.

– Өзү өзгөчө кырдаалдар министрлиги санактаган класттар эле эмес жалпы эле мектеп-гимназияда өтө коркунучтуу обьектиге айланды, эй! – деп коңгуроо какты Ош шаарындагы № 3- М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясынын ата-энелер комитетинин төрагасы Курманбек Норузбаев. – Чындыгында, агартуу журту тээ Совет доорунун алгачкы жылдарында фундаментсиз (жер-пайсыз) эле шашылыш түрдө курулуп калган экен. Андыктан, мектепти азыркыдан дагы күчөтүп, анан кайрадан айлантып катарынан бекемдегенибиз, чынында, бекер! Ушундан көрө Ага Хан мектебине берилген аянтты кайрадан чыныгы ээсине – Ломоносов мектеп-гимназиясына сот аркылуу толук бойдон кайтарып, анан бул аянтка чукул арада өзүнчө заманбап жана жапжаңы билим журтун тикелөөбүз кажет!

Деген менен өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзгөн жарандык коргонуу комиссиясы деле М.В.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиянын кооптуулугун дагыле жашырбайт.

– Аталган мектеп-гимназиянын 2-, 3-, 4-, 5-бөлүктөрүнүн биринчи кабаты менен экинчи кабатынын ортолоруна адаттагыдай темир-бетон плиталар таптакыр орнотулган эмес! – деди өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Нурлан Баймуратов. – Мындан тышкары жыгач полдорду оңдоп-түзөө жумуштары эч жүрбөгөндүктөн, полдорду басканда кадимкидей солкулдап турат. Ошондуктан, чукул арада мектеп-гимназия тегерете бекемделип, анын артынан капиталдык ремонт жүргүзүлүүгө тийиш!

Ошентип, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу комиссиясынын тыянагын бекем эске алып, Ош шаардык мэриясы М. В. Ломоносов атындагы мектеп-гимназияны чукул арада тегерете бекемдейби жана жаңы мектептин курулушун ыкчамдатабы? Бул туурасында өзүнчө кеп кылмакчыбыз.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: