БШКнын жумушчу тобу президенттикке талапкерлердин кол тизмелерин текшерүүнү аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык 20 талапкердин документтери текшерүүдөн өткөн. Биринчи 30 миң кол топтоо текшерилген. Жумушчу топ өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер болгондордун экөөсүнүн кол тамга боюнча документтерин жараксыз деп тапты. Бирок акыркы чечимди комиссия мүчөлөрү отурумда кабыл алышат.
Азырынча президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышууда.
Белгилей кетсек, 14-декабрга чейин шайлоо комиссиясы президенттикке талапкерлерди каттайт. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ