Дүйшөмбү эртең менен Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов барды. Ташкенттеги айрым жогорку окуу жайлардын студенттери жакындагы тыюуга карабастан, бийлик жогорку даражадагы мейманды тосуп алууга аларды мажбурлап көчөгө чыгарганын билдиришүүдө.
Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин студенттери кабарлашкандай, 23-мартта окуу жайдын жетекчилиги сабактарды токтотуп, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовду тосуп алуу үчүн студенттерди көчөнүн эки тарабына тизилип турууга мажбурлаган.
https://www.youtube.com/watch?v=tNKzmM4c40k&feature=youtu.be
«Президент 2-3 күн мурда эле мындан ары студенттерди түрдүү иш-чараларга пайдалануу токтотуларын билдирген. Бирок бүгүн болгон окуя ал билдирүүлөргө каршы келүүдө», — деди студенттердин бири.
Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Дүйнөлүк тилдердин өзбек мамлекеттик университети менен Улуттук көркөм сүрөт институтунун студенттери дагы колдоруна эки өлкөнүн желектерин кармап, түркмөн президентин тосуп алышкан. Кийин белгилүү болгондой, иш-чара аяктагандан кийин кураторлордун бири келбеген студенттерди декандын атына түшүнүк кат жазууга мажбурлаган.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстанга өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен 23-апрелде мамлекеттик сапары менен барган.
https://www.facebook.com/Mirziyoyev/videos/1008302142667240/
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ