Өткөн жумада жалпы кыргыз журтчулугу алты жигиттин өмүрүн алган каргашалуу Аксы окуясынын 14 жылдыгын белгилеген. Бозпиектеги эскерүү митингине президент А.Атамбаев да катышып, эл менен жолугушуп келген болчу.
Бирок анын эртеси эле, 18- марттын таңында Өзбекстандын кыркка жакын аскерлери жана эки бронетанкасы Аксы-Ала-Бука жолундагы талаштуу деп аталган Чаласарт (чыныгы аты Сары-Булак) аймагына басып кирип келишип, өзүбүздүн жерде өзүбүздүн паспортубузду текшере башташы баарыбызды башка чапкандай эле абалга калтырды. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жиберген менен эч кандай натыйжа чыккан жок.
Акыры айласы кеткен кыргыз бийлиги ошончо эле сандагы армияны өзбектерден 3-5 метр аралыкка коюп салды. Мындан тышкары Баткен, Ош облустарындагы баардык кыргыз-өзбек чек ара-өткөрүү бекеттери жабылып, эки өлкөнүн соода-сатык, карым- катнашы кан буугандай токтоду. Бул аралыкта бийлигибиздин мажирөөлүгүнө кыжырданган коомчулук көтөрүлүп, “Ата-Журт” партиясынын лидери К.Ташиев баштаган мекенчилдер Аксы тарапка жортуулга чыгышты.
22- мартта Москвада Кыргызстандын сунушу менен ЖККУнун жыйыны өттү. Кыскасы, азыр Кыргызстан менен Өзбекстандын ансыз деле- кылдын учундагы мамилеси ого бетер курчуп, согуштук кырдаалга жетип калды. Кудай сактай көр.
Булак: “Майдан.кж”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ