Menu

Талант Мамытов Ташиевди сатып кеттиби?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов учурда Өмүрбек Бабановдун президент болуп калышын тилеп, жан үрөп чуркап жүрөт. Бирок анын мындай кадамы эски санаалаштарына жаккан жок. Анткени Талант мырза Жогорку Кеңештин депутаты болуп Камчыбек Ташиевдин арты менен келген. Бирок ал учур өттүбү, же Ташиевге караганда Бабановдон көбүрөөк пайда болоорун сездиби, айтор эски досун «сатып» кетти. «Ата-Журт» партиясындагы тааныштары «мал арыгын баксаң ооз майлайт, адам арыгын баксаң ооз каңдайт» деген ушул дешип, Ташиевге боорлору ачып турган кези. Бирок «эшегине жараша тушагы» дегендей, Ташиев деле бир кездеги ынак досу Садыр Жапаров боюнча адилеттүү оюн айтып, моралдык жактан болсо да колдоо көргөзө алган жок. Түштөн кийин кат жазымыш болгону, упай топтоону көздөгөн ыкма экени көрүнүп калды. Мындайды «төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун» дейт эмеспи…

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 39 = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: