Menu

Тажикстанда чет өлкөдө жашаган оппозициялык журналистке кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Мухаммадикболи Садриддин

Тажикстанда оппозициялык «Ислох.нет» сайтынын башкы редактору Мухаммадикболи Садриддинге «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш ишин козгоого үч жарандын «журналист 430 миң доллар алып, кайтарып бербей жаткандыгы тууралуу» кайрылуусу себеп болгон.

«Мухаммадикбол Садриддин 2010-жылы Дубайда үч жарандан 430 миң доллар алып, ай сайын дивидент катары 10-12% төлөп берүүнү убадалаган. Алгачкы эки айда 5-6% төлөп бергенден кийин бизнеси жүрүшпөй, банкрот болуп калганын билдирген. 2010-жылы Дубайдан Бишкекке келип, ал жактан Европага учуп кеткен», — деп билдирди башкы көзөмөл органдын өкүлү.

Ал бул кылмыш иштин алкагында журналистке эл аралык издөө жарыяланганын кошумчалады.

16-октябрда Садриддин «Озоди» радиосуна интервью берип, айыптоолор негизсиз экенин билдирди. «Кылмыш иши менин саясий ишмердүүлүгүмө байланыштуу. Арыз жазды дегендердин бири 2010-жылы эле каза болуп калган. Менин билишимче, экинчиси Тажикстандан чыгып кеткенине көп болду. Тескерисинче Башкы прокуратуранын билдирүүсүндөгү үч адам мага акча карыз болчу. Мен Дубайда бизнесимди 2010-жылы эмес, андан кийинки жылы баштагам», — деди журналист.

42 жаштагы Мухаммадикболи Садриддинге Европа өлкөлөрүнүн бири саясий башпаанек берген. Ал акыркы үч жылдан бери оппозициялык «Ислох.нет» сайтынын башкы редактору болуп иштейт. Сайт Тажикстандын жогорку бийлигиндеги коррупциялык иштер тууралуу макалаларды чыгарып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: