Menu

КСДПнын Саясый кеңеши Иса Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте өткөн КСДПнын Саясый кеңешинин жыйыны партиянын Уставынын 2.8.-бөлүгүнө ылайык  КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын лидери Өмүркулов Иса Шейшенкуловичти партиянын Уставына, милдеттерине жана негизги максаттарына каршы аракеттери үчүн КСДПнын катарынан чыгаруу тууралу чечим кабыл алды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Ошондой эле Саясый кеңеш КР Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаттарына Иса Өмүркуловду парламенттик фракциянын лидери кызматынан чакыртып алууну сунуштады.

КСДПнын Саясый кеңешинин Регламентинин 3.1. бөлүгүнө ылайык, Иса Өмүркулов партиянын катарынан чыгарылгандыгына байланыштуу Саясый кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынан ажыратылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: