Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев саясатчы катары 2010-жылы элге таанылды. Ага чейин кайсы бир кинонун эпизоддогу каарманы катары билчу элек. Мурда-кийин тажырыйба топтоп иштебесе дагы, туз эле депутат болуу менен ишти алып кетти. Анча -мынча кемчилигин эске албаганда Жогорку Кеңештин бакылдаган «бакандай» депутаты болуп чыга келди дегендей. Кээде ойлонуп сүйлөсө, кээде сүйлөгөндөн кийин ойлонуп калмайы бар. Эң негизгиси элге жүзүн тааныта алды.
2015-жылы кайрадан депутат болуп келди. Мурун «Ар намыс» партиясынан келсе, кийинкисинде «СДПК» партиясы менен келди. Депутаттык ишмердүүлүгүндө бир топ кем-карчын толуктап алды десек жарашат. Ток этээри, материалдык абалы чыңдалды. Өтө чоң байлардын катарын толуктабаса дагы жоон орто байлыкка ээ болду. Болсун дейли, Кожоке! Ким эле сиздей болп эки чакырышка удаасы менен депутат болуп атыптыр? Бул да болсо сиздин өзгөчөлүк. Кудай буюрса кийинки чакырылышта дагы бир партиянын тизмеси менен ЖКнын босогосун аттап калаарсыз. Биз сизди чыдамсыздык менен күтөбүз…
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ