Menu

“Талибан” согушчандары Ооганстандагы автобустардын 16 жүргүнчүсүн өлтүрүштү

Бөлүшүү:

“Талибан” кыймылынын согушчандары шейшембиде Ооганстандагы автобустардын 16 жүргүнчүсүн өлтүрүштү. Бул жөнүндө Франс Пресс агенттиги билдирди.

Алар Ооганстандын түндүгүндөгү бир нече автобусту токтотуп, кеминде 16 жүргүнчүнү өлтүрүп, башкаларын барымтага алышты. Бул туурасында Кундуз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы кабарлады.

Кундуздагы полициянын командири Шир Азиз Камавал каза тапкандардын саны 17 адамга жетти деп эсептейт.

“Талибан” радикалдуу кыймылынын аракеттери НАТОнун Ооганстандагы согуштук миссиясы аяктаган соң күчөй баштады. Анын катарында 40 миңден 60 миңге чейин согушчан бар.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: