Буга чейин Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарынан чыгарылган төрт казак жараны Орусиянын көмөгү менен мекенине жөнөтүлдү.
Казакстан ТИМинен билдиришкендей, алардын бирөө – 32 жаштагы аял, үчөө – өспүрүм бала.
Мындан тышкары казакстандык дагы үч бала жана алардын энеси, орусиялык аял Грозныйга жеткирлиген. Эки үй-бүлө тең Актау шаарынын жашоочулары экени аныкталды.
Буга чейин Казакстан ТИМи Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарынан 14 казакстандык жаран чыгарылганын жана аларды Казакстанга көчүрүү иштерине даярдыктар жүрүп жатканын кабарлаган. 14 кишинин бирөө эркек, үчөө аял жана калганы – балдар.
24-августар Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Instagram баракчасына Ирактын Таль-Афар шаарынан алты орусиялык, алты казакстандык жаран куткарылганын жазган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ