Бүгүн, 28-декабрда Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку жетекчиси Адамкул Жунусов Азербайжандан Кыргызстанга экстрадицияланып, Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Башкы Прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Эске салсак, ал декабрдын башында Бакунун аэропортунан кармалган. Азербайжандын башкы прокуратурасы кыргыз коллегаларынын Адамкул Жунусовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүүсү тууралуу өтүнүчүн канааттаандырган.
Каржы полициясы Адамкул Жунусовду үстүбүздөгү жылдын август айында издөөгө жарыялаган. Мекеменин маалыматына караганда, Адамкул Жунусов «А» ЖЧКсы жана Мамлекеттик бажы кызматкерлери менен туруктуу коррупциялык байланыш түзгөндүгү үчүн айыпталууда.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ