Menu

Видео – Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев: “Көчөдө түкүрдүм, кармагандарды мен бетке чабам, мени кантип кармашат?”

Бөлүшүү:

Кечээ, 28-декабрда Бишкек шаарынын мэриясында КРдагы укук бузуулар менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин кароо боюнча жыйында мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев тартип бузгандарды милиция же жарандар кандай жол менен кармай тургандыгын тагыраак түшүндүрүп берүүнү суранды.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын баяндамачысы Талантбек Сыдыков муниципалитеттин кызматкерлеринин жаңы ыйгарым укуктары жана эреже бузгандарга 17 500 сомго чейин айып пул салуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн айтып, аны менен катар коомдук жайларда түкүрүү боюнча эреже тууралуу да сөз козгоду. Ал эми, Балбак Түлөбаев түкүргөндөрдү коомдук жаран кантип кармай тургандыгын айтып берүүнү талап кылды. Ага катар өз мисалын да келтирди.

“Мисалы, мен Ошко барып, жолдо кетип бара жатып түкүрдүм. Мага коомдук жаран келип, мени кармай турганын айтты. Мен ага: “барчы ары” деп туруп бетке чабам. Ал ким экен? Анын иши эмне? Ал мени милиция кызматкерлерине кантип алып барат? Сураныч, коомдук жаран эреже бузган адамды кантип милиция кызматерлерине алып барат? Ушул суроого эле так жооп берип койсоңуз”, – деди ал.

Бул суроого Талантбек Сыдыков кодексти ал түзбөгөнүн айтып, бирок мыйзамда муниципалитеттин адиси эреже бузган жаранды жакынкы аралыктагы милиция бөлүмүнө алып барууга толук укугу бар экендиги жазылгандыгын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: