Menu

Алмаз Атамбаев “Илим жана техника жагында 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев “Илим жана техника жагында 2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, илим жана техника жагындагы жетишкендиктери учун, ошондой эле илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин чечимин көңүлгө алып, токтом кылынат:

1. Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик сыйлыктары төмөнкүлөргө ыйгарылсын жана «Илим жана техника жагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты» деген наам берилсин:

1) «Жергиликтүү штаммдардан жасалган малдардын жугуштуу ылаңдарын диагностикалоо каражаттарынын биотехнологиясы» эмгеги үчүн:

Нургазиев Рысбек Зарылдыковичке- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиясынын ректору, ветеринария илимдеринин доктору;

Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбековичке — А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, биология илимдеринин доктору;

 Акматова Эльмира Казакбаевнага – А. Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директорунун орун басарынын милдеттерин аткаруучу, биология илимдеринин доктору;

2) «Аялдардын сүт эмизүү учурундагы өтүшүп кеткен ириңдуу маститин дарылоонун жаңы жабык ыкмасы» эмгеги үчүн:

Абдылдаев Дамир Керимкуловичке — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун алдындагы Маммология борборунун директору, медицина илимдеринин доктору;

Бебезов Бахадыр Хакимовичке – Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин госпиталдык  хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин доктору;

Узакбаева Банур Макешовнага – — Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун врач-радиологу, медицина илимдеринин кандидаты.

2. Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: