Menu

УКМК «Элдик парламенттин» дагы бир мүчөсүн камакка алды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июлда УКМКнын тергөө бөлүмү Россиялык генералдарга таянып, Атамбаевдик бийликке каршы чыккан «Элдик парламент» уюмунун дагы бир мүчөсүн камакка алды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы  билдирүү таратты.

Анда К.Т.  инициалындагы «Элдик парламенттин» мүчөсү кармалып, УКМКнын убактылуу кармалуучу жайына киргизилгени айтылат.  К.Т.  КР Кылмыш-жаза кодексинин  27-295 — бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана 27-341- бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүүгө даярдануу беренелери менен шектелүүдө.

Мыйзам боюнча кармалуучу 48 сааттын ичинде сотко алып барылып, баш коргоо чарасы чечилүүгө тийиш. Демек К.Т. эртең-бүрсүгүнү  Атамбаевдик чөнтөк соттор аркылуу абакта калтырылат.

«Элдик парламенттин» 105 кишиден турган тизмесин карасак К.Т. инициалындагы бир нече инсан бар экен. 31-Курманбеков Темирбек, 34-Калматов Тойгонбек, 58-Төлөгөнов Кулупбек жана 89- Кеңешов Таалайбек.

Эсиңиздерге сала кетсек, быйыл апрель-май айларында Алмаз Атамбаевди тынчтык жол менен бийликтен кетиребиз деп атырылып чыккан «Элдик парламенттин» лидерлери Бекболот Талгарбековду, Төрөбай Колубаевди, Марат Султановду жана Александр Гусевди  12-16 майларда УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин  27-295 — бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана 27-341- бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүүгө даярдануу беренелери менен камакка алган.

Бирок, аларды соттотуп жиберүүгө ишенимдүү фактыларды таба албай, жалаң жасалма далилдерге таянып, бийликтин күчү менен гана аларды абакта кармап отурган Атамбаевдик режим эми дагы «Элдик парламенттин» бир мүчөсүн эмнеге кармап жатат?  Калган элди коркутуу үчүнбү же бул бийликтин агониясыбы?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: