“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев “Нават” чайканасында партиялаштарына чай берип, президенттик шайлоого барууга бата алды. Албетте, учурда Төрөбаевде өлкө башчысы болууга материалдык да, адамдык да ресурс жетиштүү. Болгону бийликтин эки тизгин, бир чылбырын колуна кармаган үлкөндөрдөн макулдук гана керек. Андай мүмкүнчүлүк азырынча бериле элек. Ошондой болсо да, эртелеп камылга көрүп баштаганына караганда, соодалашууну тездетейин деген көрүнөт. Баса, буга дейре “Республика – Ата- Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов дагы “Фрунзе” ресторанында чай берип, президенттик шайлоого атта- нууга партиялаштары менен жакын санаалаштарынан бата алган болчу.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ