Menu

Жалал-Абадда жашы жете элек кызды зордуктаган 20 жаштагы бала 11 жылга кесилди

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаардык соту жашы жете элек кызды зордуктагандыгы үчүн 20 жаштагы балага карата өкүм чыгарды. Өкүм үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында жарыяланган.

Бул иште айыпталуучу катары 2000-жылы 1-апрелде туулган, орто билимдүү, үй-бүлөлүү эмес, Сузак районунда жашаган А.Т.М. өткөн. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 161-бөлүгүнүн 3-бөлүгүнүн 1-пункту (“Жашы жете электигин билип туруп зордуктоо”) боюнча айып тагылган.

Тергөө органдарынын айтымында, кылмыш 30-майдан 31-майга караган түнү көп кабаттуу турак үйдүн жанында “Ауди” үлгүсүндөгү унаада жасалган. Жабырлануучу – А.М.К, 2004-жылы 12-июлда туулган. Бала күч колдонуп, аны унаанын арткы отургучунда зордуктаган.

Бирок сот отурумунда ал жигит күнөөсүн мойнуна албай, май айында кыздын уюлдук телефонунун номерин досу Т.дан алганын айткан. Алар телефон аркылуу сүйлөшүп таанышкан. Түн ортосуна жакын жолугушууну чечишкен. Жолугушууга баруу үчүн, А.Т. досунан жолугушчу жерге жеткирип коюуну суранган. Жалал-Абад шаарына келип, соттолуучу кызга телефон чалган, бирок ал жооп берген эмес. Бир аз убакыттан кийин ал досунун телефонун алып, анын номурунан кызга чалган. Ал жооп берип, жакында чыгарын айткан. Алар 2 сааттай күтүүгө аргасыз болушкан.

Кыз үйүнөн саат 24:00 чамасында чыгып кеткен. Ал унаанын арткы отургучуна отурду. Алар үйдөн алысыраак жерге барууну чечишип, “Максат” кафесинен анча алыс эмес жерде жайгашкан техникалык тейлөө станциясынын аймагына барышты. Ал жакта бир аз убакыт болгондон кийин, алар кыздын үйүнө барууну чечишти. Кайра кайтып келе жатып, А.Т.М. жеткирип келген досу Т. уулу А. кыздын жанына арткы отургучка отуруп, жашы жете элек секелекти зордуктаган. Андан кийин досу А.Т.М. бардык күнөөнү өз мойнуна алууну өтүнүп, кийинчерээк аны түрмөдөн 200 миң сомго чыгарып берем деп убада кылган.

Ошондуктан, А.Т.М айтымында, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал күнөөсүн мойнуна алган. Ошол эле учурда, ал кыздын жашы жете элек экендигин билген эмес экенин айтты.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү 30-майда алар жабырлануучунун апасынын туулган күнүн белгилешкенин билдирди. Түнкү саат экилер чамасында ата-энеси кызынын үйдө жок экендигин байкаган. Буга көчөдөү эшиктин ачык калганы далил болду. Издөө иштери дароо башталды. Күтүлбөгөн жерден дөңгөлөктөрдү саткан жерде унаа токтоп турганын көрдүк. Анын ичинен кыз чыкты. Жабырлануучу медициналык жардамга муктаж болгондуктан, таң эрте ал ооруканага жеткирилген.

Көп өтпөй милиция кызматкери келип, окуянын чоо-жайын тактай баштады.

Кыздын ата-энесинин айтымында, ал 9-классты аяктаган. Кичинесинен эрке өскөн, жакшы окуп, жаза алчу эмес, көчөгө кээде эле чыккандыктан, достору аз болчу. Буга чейин кызын Базар-Коргон районуна ала качып кетишкен, бирок кайра артка алып келишкен. Ошондо апасы кызын доктурга алып барып, кыздык белгиси бар жогун текшерткен. Аны текшерген доктур баары жайында экенин айткан.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жабыркаган тараптын мыйзамдуу өкүлү айткандай, соттук-медициналык жана соттук-психологиялык экспертизадан өткөрүлдү. Аны текшерген дарыгер кыз бир нече адам тарабынан зордукталганын айткан. Бирок кыз унаадагы жигиттердин бири менен гана жыныстык катнашка барганын айткан.

Иштин материалдарын карап чыгып, сот А.Т.М. күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: