Menu

Аудио – Ыдырыс Исаков, “Азаттыктыктын” журналисти: “Мен Матраимовдун үйүн уруксат сурап тартмакмын, тигилерди Бишкектен жетекчилер атайын жөнөтүптүр, бул жерде чоң саясат жатат!”

Бөлүшүү:

Кечээ, 1-октябрдын кечинен бери “Азаттык” радиосунун Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков менен Раим Матраимовдун жакындарынын бири деп эсептелген С.М. аттуу адамдын телефондогу сүйлөшүү аудиосу социалдык тармактарга тарап, “Азаттык” радиосу коомчулуктун катуу сынына кабылып, кеп болууда. Андагы аудиодон “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаков бир нече жолу С.М. аттуу адамга телефон чалып, алардын милицияга жазган арызын кайра кайтарып алууну суранып, Матраимовдорго каршы коомчулукта резонанс көтөрбөөнү убадалаганын угууга болот.

Аудиодогу сүйлөшүүдө “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков Матраимовдордун жакын кишисине өзү телефон чалып, бул ишти ырбатпай бүтүрүүнү сунуш кылат. С.М. “Ыдырыс, сен Раим Матраимовдун үйүн эмнеге дрон менен уруксатсыз тартасын?” деген суроосуна “Бул деген чоң саясат! Мен уруксат сурап тартмакмын, тигилерди Бишкектен атайын жетекчилер жөнөткөн экен. Анан алар колго түшүп калгандыктан, мага жетекчилерим телефон чалып, жардам бер дегенинен келдим. Бул ишти тынч бүтүрөлү, болбосо “Раимдин балдары “Азаттыктын” журналистин сабады” деп ызы-чуу чыгарабыз” деп коркуткан.

Бул аудио алгач  “Фейсбуктагы” “Компромат kgн”баракчасына жарыяланып, андан кийин Ютуб каналына жайгаштырылды. Андагы аудионун толук версиясын уксаңыздар болот. Ажиотаж жараткан аудиодогу сүйлөшүү төмөндө:

Эскерте кетсек, “Азаттыктын” айтымында, 28-сентябрда Ош шаарында оператор Айбек Кулчуманов кол салууга дуушар болгон. Ал камера, дрон менен Райымбек Матраимовдун үйүнүн жанында видеоматериал тартып жатканда, капысынан денеси чымыр балдар пайда болуп, артынан уруп, опузалап. “Райымбек Матраимовдун үйүн тартууга ким буйрутма берди?”, – деп видеотехникасын, документтерин жана машинасынын ачкычын тартып алышкан.

Жабырлануучу милицияга кайрылып арыз жазган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы (Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Адамдар тобу тарабынан жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү каракчылык») негизде кылмыш ишин козгоп, териштирүү иши жүрүүдө. Айбек Кулчуманов медициналык текшерүүдөн өтүп, дарыланууда.

Ошол күнү кечки сегиздер чамасында, тартып алган техниканы үч жигит адвокаты менен милицияга алып келген. Алардын адвокаты журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартып койгон. Ал эми милиция журналисттерге алар да арыз жазганын билдирген. Экинчи тарап “Азаттыктын” оператору жеке менчиктин кол тийбестиги тууралу мыйзам нормасын одоно бузуп, жеке менчик үйдү үй ээсинен уруксатсыз тартып, ал аз келгенсип, дронун башкара албай, ал бир жарандын башына кулап, ал жаракат алганын айтышып арыз жазышкан.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 59 = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: