Ушу тапта көп жылдардан бери чечилбей келген «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштады. Ушуну менен эле чектелип калбай, чакан «Коопсуз шаар» долбоорунан ири «Коопсуз Кыргызстан» долбооруна өтүүгө тийишпиз. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.
«Эми биз облустук маанидеги шаарларга да видеожабдууларды орното башташыбыз керек. Мында биринчи кезекте атамекендик компанияларды тартуу зарыл. Өкмөт аларга жардам иретинде республикалык бюджеттен ссуда берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрсө, андан да жакшы болмок», – деди депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ