Menu

Ташиев Бабановго каршы

Бөлүшүү:

Шайлоо алдындагы алгачкы чатак “Республика-Ата-Журт” фракциясы уюштурган элдик курултайдан соң башталды. Курултай ишемби күнү, 1-июлда Бишкекте өткөн.

Эске салсак курултай Өмүрбек Бабановдун президеттикке талапкерлигин колдогон.

Бул иш жыйынтыктала элек жатып  “Ата-Журт” партиясынын сынына кабылды. Партия Өмүрбек Бабановдун президенттикке чыгышы мыйзамдуу эмес деп айтты.

“Ата-Журт” партиясынын саясий кеңеши «Республика — Ата Журт» партиясынын саясий кеңешинин Бабановду президенттикке чыгарган бүтүмү мыйзамдуу эмес деп жарыялады.

“Ата-Журт” партиясынын басма сөз катчысы Нургазы Анаркуловдун айтымында, Камчыбек Ташиев Бабановду президенттикке талапкер катары чыгаруучу эч бир документтерге кол койгон эмес, аны менен эч ким сүйлөшкөн эмес, жана макулдашпаган.

“Андан сырткары саясий партиянын эч кандай кеңеши болгон эмес” – деп кошумчалады ал.

“Курултайда депутат Талант Мамытов “Республика-Ата Журт” фракциясы Өмүрбек Бабановду Президенттикке чыгарды деген документти окуп берди. Мындай болгон эмес, биз аны жокко чыгарабыз жана “Республика-Ата-Журт” деген партия азыр жок экендигин белгилей кетебиз” -деп билдиршти партиянын саясий кеңешинде.

Ал эми Өмүрбек Бабановдун партиясы  азырынча  буга эч кандай комментарий бере элек.

Булак: “kyrgyztoday.org

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: