Бүгүн, 14-июлда Франциянын Кыргызстандагы элчилиги Улуттук майрамын – Улуу француз революциясынын учурунда Бастилияны алуу күнүн “Супара” этно-ресторанында белгиледи. Ага болжол менен 250дөй киши чакырылган экен, анын ичинде Кыргызстанда жашаган 66 француз да бардыгы сөз болду.
Кеченин ачылышында албетте Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру жана анын жубайы Татьяна Ру меймандарды тосуп алып куттукташты. Ал эми кыргыз тараптан КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Башка элчиликтерден айрымаланып, Франциянын элчилиги мындай майрамдык кечелерге депутаттарды жана министрлерди чакырбагандыгы менен белгилүү. Француздар адатта майрамдарда франкофилдер менен франкофондорду жана өздөрү сыйлаган кыргыз жарандарын чакырышат.
Бүгүнкү майрамдык кечеде Роза Отунбаева, Равшан Жээнбеков, Чынгыз Шамшиев, Толкун Наматбаева, Элнура Осмоналиева сыяктуу белгилүү кыргыз жарандарын гана байкадык.
Майрамдык кечени кыргыз скрипач кыздарынын жагымдуу музыкасы тынбай коштоп турду. Атүгүл француз жана кыргыз гимндерин да скрипкада ойношту.
Албетте француздар меймандарын Бишкектеги француз ресторандарынын мыкты ашпозчулары даярдаган улуттук тамактар жана Франциядан алдырылган быштактар, Шапотье шараптары менен сыйлашты. Кыргыздар биздин тамактарга алымсынбай калышпасын деп айтылуу “Байбол” ресторанынан бир козунун этинен таш кордо жасатып да алдырышыптыр.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ