Menu

Фоторепортаж – Сооронбай Жээнбеков: Сот, укук коргоо көзөмөл органдарынын жетекчилерине коррупцияга каршы масштабдуу жана чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет

Бөлүшүү:

«Сот, укук коргоо, көзөмөл органдарынын жетекчилерине коррупцияга каршы масштабдуу жана чечкиндүү күрөш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берилет», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук кеңешинин төрагасы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-февралда, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

«Ар бириӊиздер бүгүнкү жыйындан тийиштүү жыйынтык чыгарып, натыйжасын коомчулукка кеӊири билдиргиле”, – деп Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышкандарга кайрылды.

Эске сала кетсек, Коопсуздук кеңеш “Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” маселени карады.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөөрүн, бул маселе Коопсуздук кеңешинин катуу көзөмөлүндө болоорун баса белгиледи. Кеңештин кийинки жыйындарында энергетика, тоо-кен тармактарындагы, фискалдык органдардагы, каттоо жана архитектура кызматтарындагы, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кырдаал талкууланат.

Мыйзам чыгаруучу жана аткаруу бийликтеринин башчылары – Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Сапар Исаков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө даяр экенин белгилешип, өлкө Президенти айткан көйгөйлөрдүн актуалдуулугун ырасташты.

Күн тартибиндеги маселени талкуулоо учурунда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, Башкы прокурор Индира Жолдубаева, ички иштер министри Улан  Исраилов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев, парламенттик фракциялардын лидерлери Иса Өмүркулов жана Руслан Казакбаев сөз сүйлөштү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдери кабыл алынды.

“Кыргызстандыктар өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүшүүдө.  Коррупция ачык-айкындуулуктан жана чындыктан коркот. Ошондуктан мен жарандарга жана ишкерлер коомчулугуна коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын жаап-жашырбоого чакырам ”, – деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: