Бүгүн, 24-декабрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 186 учуру аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 62, Ош шаарынан – 6, Чүй облусунан – 43, Ош облусунан – 8, Талас облусунан – 5, Ысык-Көл облусунан – 34, Жалал-Абад облусунан – 11, Баткен облусунан – 11, Нарын облусунан – 6 катталды. Ошентип, өлкөдө жалпысынан 79 845 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 309 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 73 870ке жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек шаарынан – 111, Ош шаарынан – 10, Чүй облусунан – 100, Ош облусунан – 10, Талас облусунан – 7, Ысык-Көл облусунан – 28, Жалал-Абад облусунан – 23, Баткен облусунан – 16, Нарын облусунан – 5.
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 3 бейтап: Бишкек шаарынан – 2, Баткен облусунан – 1 каза болду. Бул оорудан көз жумгандардын жалпы аны 1340га жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ