Menu

Чуулгандуу Болот Сүйүнбаевдин жакын кишиси Канат Жумагазиев Бишкек милициясына начальник болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Мындан үч күн мурун, 7-февралда Бишкек шаардык милициясынын начальниги болуп Канат Жумагазиев дайындалды.  Биздин жеке булактар кабарлагандай, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өлкөнүн жогорку саясый жетекчилигинин алдында “Мен бир гана Канат Жумагазиевге ишенем, эгер жазында митингдер башталса ушул Канат гана баарын талкалап, тарата алат. Башка эч кимдин колунан келбейт” деп көгөрүп жатып, премьер-министрдин колун буйрукка койдуруп алыптыр.

Жумагазиев тууралу эмнелер белгилүү ?

Канат Жумагазиев 1997-жылдан бери милицияда “оперлик” кызматтарды аркалап келатканы менен анын кызматтык карьерасы Атамбаевдин жан сакчысы Болот Сүйүнбаевдин бийликке таасири өөрчүшү менен гана өсө баштаган.

Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын башчысы кызматына Сүйүнбаев сүрөмөлөп койдурган.

2016-жылы Чүй облустук милициянын башчысы.

2017-жылы республикалык МАИнин башчысы болуп дайындалган.

Бул кызматтык өсүштөрүнүн баары Болот Сүйүнбаев менен байланышып, дайыма чоогу бизнес жасашкандыктары айтылып жүрөт.

Баса, чыныгы “оперлер” эч качан “майлуу-сүттүү” деп эсептелген МАИге кызматка барышпайт деп ишендирет эксперттер, бирок Канат Жумагазиев Болот Сүйүнбаевдин таасири астында республикалык МАИнин начальниги кызматына барып, алар чоогу буттарына туруп алышты дешет.

Ошондой эле жеке булактар Канат Жумагазиевдин тоо тарапты таянган “Форель” чарбасына жакынкы күндөрдөн бери министр Кашкар Жунушалиевдин кишилери көз салып калышты деп билдиришет.

Болот Сүйүнбаевди, Кашкар Жунушалиевди жана Канат Жумагазиевди кыргыздын “жакшы сапаттарынын” бири – жердешчилик да бириктип турат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 17 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: