Menu

Видео – Садыр Жапаров: “Ата, мени кечир, өзүңө бир ууч топурак сала албай, абакта азап жеп, айлам куруду”

Бөлүшүү:

Президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун “Улуу күрөш” аталышындагы видеоролиги жарык көрдү. Анда ал көзү өтүп кеткен ата-энеси менен уулу Дастан тууралуу айтып, ичиндеги күйүтү менен бөлүштү.

Садыр Жапаров абакта жаткан кезде атасы дүйнө салып, ошол кездеги бийлик (Атамбаевдин тушунда) атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууга уруксат бербей койгон.

“Мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энемдин өлүмү бир тең да, кан жанымдан жаралган уулумдун өлүмү бир тең болду. Ата, мени кечир, өзүңө бир ууч топурак сала албай, абакта азап жеп, айлам куруду. Ошондо асманым кулап, аска-тоом урады. Күчүмдү көз жаштан чыгардым” – деди Садыр Жапаров көзүнө жаш алып.

“Билесиңби эне, түрмөнүн сыз, ным жыттанган дубалдарын тиктеп алып, “сенин өлүмүңдү мен тездетип алдымбы” деп канча жолу салаалап жашым акты. Өзүмдү күнөөкөр сезген сааттар болду. Атама менден топурак буйрубаса да, энеме топурак буйруду. Ошого каниет кылдым. Өзүң деп сыздап, элесиңе жалбарган уулуң эзели сени унутпас”, – деди Жапаров.

“Уулум кырсыкка учурагандан тартып түн уйкумдан ажырап, “Кудай жардамчы бол, аман сакта” деген тилегимди таш каап, аттиң, кулунуман ажырап куурадым. Мен үчүн 2019-жыл өтө оор жыл болду. Мээрими күнгө теңдеш энемден ажырап дүйнөм тарыса, эми мынтип ботомду жоготтум..” – деди ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: