Билим берүү жана илим министри баштаган кайрымдуулук эстафетасын “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров улантты. Бул тууралуу Тайчабаров өзү Фейсбук баракчасында билдирди.
“КРнын Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиевдин демилгеси менен башталып, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артём Эдуардович Новиков улаган челленжди колдоп, мүмкүнчүлүгү чектелген мектеп окуучусу, 9 жашар Адели Бейшеналиеваны кубанттык. Жаңы жылда жаңы тилектери орундалып, таланты ташкындап, ийгиликтүү окуучулардан болсун деп тилек кылып, “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын атынан #планшет белек кылдык.
Ошону менен челленжди Бишкек мэри Балбак Түлөбаевге, Талас облусунун губернатору Айбек Бузурманкуловго жана “Мегаком” компаниясынын башчысы Акылбек Жамангуловго узатам“, – деди Тайчабаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ